Жаңылыктар
Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлөт

Вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева, Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга, гуманитардык жардам жөнөтүүнү уюштуруу маселесине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

 

Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, ал жакта жашаган кыргыздардын турмуш-шарты оор болгондуктан, гуманитардык жардам азык-түлүк жана медициналык каражаттар түрүндө көрсөтүлөт. 

Памирге баруучу экспедиция сентябрь айынын аягында жолго чыгат. Анын курамына 22 адам кирди. Гуманитардык жардамды уюштуруу үчүн Өкмөт 10 млн сом каражат бөлдү. Азыр Афганистандын Памир тоолорунда 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118