Жаңылыктар
Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намазы окулду
Аймак
Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намазы окулду

Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде алты миңдей киши айт намазын окуду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага катышкан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Курман айт майрамы кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген кең пейилдиктин, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана боорукерликтин майрамы болуп келгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Ош шаарындагы 41 мечитте айт намазы окулду.