Жаңылыктар
Нарын шаарында эл шаардын эки аймагындагы мечитке чогулуп, айт намазын окушту
Аймак
Нарын шаарында эл шаардын эки аймагындагы мечитке чогулуп, айт намазын окушту

Нарын шаарында эл шаардын эки аймагындагы мечитке чогулуп, мусулман баласына көрсөтүлгөн шарт боюнча намаздарын окушту. Келгендерге адистер санитардык эрежелерди так сактоого чакырышты. 

Мусулмандардын майрамында айт намаздан кийин колунда барлар курмандык чалып, үй-бүлөсү менен куран окутат. Кошуналар бири-биринин үйүнө кирип, даам сызып кетишет. Нарын казыятынын маалыматына караганда 20 бодо мал союлуп, эти муктаждарга таратылат.