Жаңылыктар
БШК протоколдорду карайт
Шайлоо 2023
БШК протоколдорду карайт

11-июлдагы жергиликтүү кеңешке депутаттарды кайталап шайлоо боюнча Бишкек жана Токмоктун аймактык шайлоо тилкелеринен протоколдор Боршайкомго келип түшкөнүн комиссиянын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди. 

Анын айтымында аймактык шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, айрым партиялардын шайлоону жокко чыгаруу талабын канааттандырган жок. Бирок, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын үгүтчүлөрү добуш сатып алды деген маалыматы каралат. 

Ал эми “Эмгек” партиясы боюнча УКМК өзүнчө маалымат берет. Акыркы партиянын талапкери добуш сатып алууга шектелип жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Биздин Кыргызстан” партиясы боюнча отчету да каралат. Аталган партиянын талапкерлери үгүт иштери учурунда кайрымдуулук менен алектенип, бир конушта балдар аянтчасын оңдогон. Бул аракет добуш сатып алуу катары бааланат. Доо арыз ыкчам координациялык топтун кароосуна жиберилди. Кайрат Маматов, эгерде шайлоочулардын эркине каршы аракеттер аныкталса, партия же талапкерлердин мандаты жокко чыгарыларын айтты. 

Эскерте кетсек, БШК шайлоонун жыйынтыгын 24-июлда жарыялайт. 11-июлда өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешке - 6, Ош шаардык кеңешине - 4, Токмок шаардык кеңешке - 5 партия өткөн.