Жаңылыктар
Россиянын 85 аймагында өткөн суткада коронавирус 23 миң 704 кишиден табылды
Дүйнө
Россиянын 85 аймагында өткөн суткада коронавирус 23 миң 704 кишиден табылды

Россиянын 85 аймагында өткөн суткада коронавирус 23 миң 704 кишиден табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ыкчам штабы билдирди. 

Клиникалык белгилери байкалбаган 2 миң 466 учур болду. Пандемия башталгандан бери Россияда 6 миллион 30 миң 240 киши илдетти жуктуруп алган. Буга чейин 160 миллион 300 миң лабораториялык изилдөө болуп, мунун ичинен 435 миңи акыркы суткада жүргүзүлдү. 1 миллион 232 миң 779 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.