Жаңылыктар
Садыр Жапаров Министрлер кабинетине табигый кырсыктардын алдын алуу комплексин күчөтүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Министрлер кабинетине табигый кырсыктардын алдын алуу комплексин күчөтүүнү тапшырды

Жалал-Абаддын Сузак районунда сел суулары каптаган короолор тазаланууда. Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана техникалар тартылган. Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан суу жууп кеткен каттамдар убактылуу жабылып, калыбына келтирилди. Бул арада Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды.

Сузак районунда 20-июль күнү кечке жуук жааган жамгырдан кийин Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарын каптаган сел адам курмандыгына алып келди. Суу агызып кеткен жеткинчек кызды издөөгө жана селдин кесепеттерин жоюуга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу, 50 куткаруучу, 30 жергиликтүү тургун жана техникалар тартылган. Кыздын сөөгүн туугандары түн жарымда табышты.

Кара-Дарыядан ташкындаган суу Достук, Чаңгыр-Таш айылдарындагы турак үйлөрдүн короолорун, Сузак-Кара-Дарыя жолун каптап, кооптуу абалга кептеди. Жаратылыш кырсыгы Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Мукур айылынын Чотон-Ооз, Котур-Булак, Ырысбай-Сай тилкелерине дагы зыянын тийгизди. Аталган жердеги бир нече үйлөрдүн короосуна суу кирип кеткен.

Учурда ӨКМдин жетиштүү техникасы тартылган. Министрликтин 182 кызматкери турак жайларды тазалап жатышат. Ал эми, жараксыз үйлөрдүн жашоочулары спорт залга көчүрүлмөй болду. Мындан сырткары, ӨКМ тарабынан 25 чатыр тигилет. Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылы мурдатан эле кооптуу болуп эсептелип, сел тосмолору курулуп келген. Ага карабай суу ашып, 500дөй үйгө зыяны тийди. 

Селдин кесепетинен Сузак-Кара-Дарыя, Нефтепром- Үч-Мазар, Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн жолун суу жууп кеткен. Аталган жерлер бир нече мүнөткө жабылып, тазаланып каттамдар калыбына келтирилди. 

Акыркы күндөрү селдин азабын тарткан учурлар көп катталууда. Президент Садыр Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Мындан сырткары, Президент ар кандай табигый кырсыктар - сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи. Жарандардын ден соолугунун, өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

Ошону менен бирге Министрлер Кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды. Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.