Жаңылыктар
Бишкек: Алдыдагы жылытуу мезгилине карата даярдык иштери толук кандуу жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: Алдыдагы жылытуу мезгилине карата даярдык иштери толук кандуу жүрүп жатат

Алдыдагы жылытуу мезгилине карата даярдык иштери толук кандуу жүрүп жатат. Баш калаадагы бардык от казандарда оңдоп-түзөө иштери бекитилген графиктин негизинде жасалууда. Ага удаалаш жылытуу системасында реконструкция жана капиталдык ремонт жумуштары аткарылууда. Ошондой эле, Бишкек Жылуулук электр борборунда да жабдуулар оңдолуп, көмүр сатып алына баштады.

“Бишкек жылуулук” ишканасынын карамагында 66 от казан бар, ушул күнгө карата 27синде оңдоп-түзөө аяктап, күз-кыш мезгилинде иштөөгө даяр. Коммуналдык кызматкерлер калган жабдуулар суук түшкүчө толук аяктап колдонууга берилет деп убада кылууда.

Ал ортодо “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасында дагы кышка карата даярдык кызуу жүрүп жатат. 1-июлга карата миң метрден ашкан жарабай калган жылуулук системасы ремонттолгон, ысык суу бөлүштүрүүчү тутум алмашылган жана башка зарыл жумуштар жасалган. Жалпы алганда пландалган оңдоп-түзөө иштери 100 пайыз аткарылган. Учурда ишкана 850 метрге созулган куурдун май алмаштыруу иштери менен алек.

Бишкек электр жылуулук борбору бул жылы өкмөттүн токтомуна ылайык 2 жарым миллиард киловатт электр энергия өндүрүүгө тийиш. Бул максатта Казакстандан 643 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.

Бишкек шаарын тейлөө коммуналдык кызматтары жыл сайын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу аракетин көрөт. Казынадан каражат каралат, иш-план бекитилип, анын негизинде жумуштар жасалат. Адистер быйыл дагы даярдык өз нугунда жүрүп жатканын белгилешти.