Жаңылыктар
Кечээ, “Ала-Арча” резиденциясында Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Кечээ, “Ала-Арча” резиденциясында Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту

21-июлда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду. 

Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгиледи. Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын айтты. 

Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду. 

Ал парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.