Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Дүйнөдө баалардын тез өсүшүнө карабастан, ички рынокто анын туруктуу наркы сакталууда. Ал эми коңшу өлкөлөрдө күйүүчү майдын литри 70 сомго жетти. Кыргызстанда бааларды турукташтыруу аракети натыйжалуу болууда.
Дүйнөлүк мунай өндүргөн заводдордо күйүүчү майдын баштапкы баасы жогору болгондуктан, рынокто кымбат сатылууда. Ошондой эле көп мамлекеттерде экономика жанданып, күйүүчү майга суроо-талап жогорулады.
Мунайдын кымбатташы дүйнөлүк рыноктогу тартыштыктан келип чыгууда. Ири кайра иштетүүчү заводдор, карантин учурунда нефть өндүрүүнү азайткан болчу. Алгач бир баррели 77 доллар турган мунай, эми 3 жылдык чегинен ашты. Техникалык комитеттин божомолуна таянсак, ушул жылы таңкыстык суткасына 1,4 миллион баррелге жетет. Буга карабай Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу каражаттар туруктуу жеткирилип, импорттоочу ЕАЭБ өлкөлөр арасында баасы төмөн.
Белгилей кетсек, АИ 92 үлгүсүндөгү бензин Россияда 53, Тажикстанда 71, Өзбекстанда 65, Белоруста 63, Арменияда 77 сом.
Кыргызстан импорттогон күйүүчү майдын 95% Россиядан кирет. Ошондуктан дүйнөлүк тенденциянын таасири тийиши мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассосациясы баанын өсүп кетишине жол бербеш үчүн колдон келген аракетти жумшайт.
Кыргызстанда дүйнөдөгү кымбатчылык факторунун таасиринен, күйүүчү май июль-август айларында 6-10% жогорулашы мүмкүн. Буга карабай, бааны туруктуу сактап калуу аракети көрүлөт.