Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылындагы дарыянын булганышы боюнча жарандардын кайрылуусун карады. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, окуянын тасмасы 16-июлда фейсбукка жарыяланган.
"Эти Бакыр Терексай" компаниясынын маалыматы боюнча, аталган тилкеде сордургуч станциясы курулууда. Суу пайдубалды жууп кетип жаткандыктан, аны сордуруп чыгаруу зарылдыгы пайда болгон. Дарыяга кошулган суунун курамында химиялык элементтер жок. Жергиликтүү бийлик, ыкчам түрдө сордурулган сууну дарыяга кошууну токтоткон болчу. Жолугушууда Жунушалиев, тараптарды экологияны сактоо жоопкерчилигин эскертти. Жергиликтүү бийлик жана бир катар тиешелүү мамлекеттик органдарга суунун сапатына изилдөө жүргүзүү тапшырылды.