Жаңылыктар
Кыргызстанда доллар арзандап, бензин кымбаттады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда доллар арзандап, бензин кымбаттады

Кыргызстанда доллар, евронун баасы бир аз төмөндөп, күйүүчү май кымбаттады. 

Ушуну менен экинчи күн катары менен АКШ акчасы арзандап жатат. Шаршемби күнгө салыштырмалуу сатуу 84 сом 65 тыйын, сатып алуу 84 сом 27 тыйын болуп, 11 тыйынга арзандады. Еврону сатып алуу 98 сом 86 тыйын, же 15 тыйынга, сатуу 100 сом 25 тыйын болуп, 13 тыйынга арзандады. Теңге менен рублдин наркы билинер-билинбес гана өзгөрдү. Ал эми күйүүчү майдын баасы "Роснефть" май куйуучу жайларында АИ-92 — 53 сом 40 тыйын, АИ-95 — 56 сом 80 тыйын. Дизель майы — 48 сом 50 тыйындан. "Газпром нефть Азияда" АИ-92 — 53 сом 50 тыйын, АИ-95 — 57 сом 50 тыйындан, дизель майы — 48 сом 50 тыйын болду. Белгилей кетсек, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин биржалык баасы үч күн катары менен жогорку көрсөткүчтө турганы белгилүү болду. Санкт-Петербург эл аралык товар-сырье биржасында бир тонна бензин 59 миң 849 рублге бааланып, сутка ичинде 0,59 пайызга кымбаттаган.