Жаңылыктар
ӨКМ маалымдайт: 22-23-июль күндөрү сел жүрүшү мүмкүн
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ маалымдайт: 22-23-июль күндөрү сел жүрүшү мүмкүн

22-23-июль күндөрү республиканын тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрлик тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбей, материалдык чыгымдарды азайтуу үчүн телефонограммалар жарандык коргонуу кызматтарына, Министрлер кабинетинин облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка смс билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.