Жаңылыктар
С. Жапаров "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жапаров "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койду. Санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүү максатында Баш мыйзамдын 71-беренесине ылайык токтом кылынат. Анын негизинде Президентке караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш түзүү, Президенттин инвестицияларды тартуу маселеси боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Павел Хрипунов Байкоочу кеңештин катчысы болуп дайындалат, Министрлер Кабинети ушул жылдын 29-июлуна чейинки мөөнөттө Байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары Долбоордук кеңсени уюштурат.