Жаңылыктар
Мурдагы депутат Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы депутат Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. 

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Ал эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде камактан чыгарылды. Шектүү өлкөдөн жана туруктуу же убактылуу жашаган жеринен тергөөчү менен соттун уруксаты жок кетпөө боюнча тил кат жазып берди. Ал ошондой эле ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбоого жана чакырган маалда келип турууга милдеттендирилди. Эске салсак, Исхак Пирматов 31-майда кармалган. Саясатчы "Кумтөр" иши боюнча коррупциялык ишке шектелүүдө.