Жаңылыктар
Ысык-Көл: Багбандар жыл сайын 10 миң тоннага жакын өрүктү экспортко чыгарышат
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: Багбандар жыл сайын 10 миң тоннага жакын өрүктү экспортко чыгарышат

Ысык-Көл облусунун багбандары жыл сайын 10 миң тоннага жакын өрүктү экспортко чыгарып келет. Быйыл бул көрсөткүч төмөндөдү. Себеби аба ырайынын салкын болушу баба дыйкан өндүргөн жемишке өз таасирин берген. Ошол эле учурда мөмө жемишке болгон баа кыйла жогору. Мындан улам аз көлөмдө өстүрүлгөн өрүктү жакшы баага сатышууда.

Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жайгашкан Нар-Суу айыл чарба бирикмесине тийиштүү сексен беш гектар аянтта мөмө-жемиш отургузулган. Мунун элүү гектарында өрүктүн жалпы төрт түрүн өстүрүшөт. Жылына чет жакка жүз сексен тонна өрүк экспортко чыкса быйыл жүз тоннага жакын гана өрүк чогултулду.
 
Азыркы тапта айылдагы эки жүзгө жакын адам убактылуу мөмө-жемиш терип иштеп жатат.
 
Чарбада өрүктөн башка алма, алмурут, кара өрүк, алча өстүрүлөт. Азыр кара өрүктүн терими жүрүп, түшүм ички рыноктон тышкары Казакстанга жөнөтүлүп жатат.
 
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун багбандары жылына өрүктөн он миң тоннага жакын, алма менен алмуруттан жыйырма беш миң тонна экспортко чыгарат.