Жаңылыктар
Баткенден 10 абитуриент Томскидеги университетке бюджеттик негизде тапшыра алат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенден 10 абитуриент Томскидеги университетке бюджеттик негизде тапшыра алат

Баткен облусунан 10 абитуриент Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине бюджеттик негизде тапшыра алат. 

Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында элчи Гүлнара-Клара Самат облус калкына колдоо көрсөтүү иш-чараларынын алкагында барган. Кийин элчилик тарабынан балдарга билим берүү маселеси иштелип чыккан. “Баткендин 10  бүтүрүүчүсү Томскиден Кыргызстанда талап күч болгон инженердик-техникалык  кесиптерге ээ боло алышат. Балдар бюджеттик формада окушат", — деп айтылат маалыматта. Элчилик Баткендин жаш тургундары келечекте окуусун ийгиликтүү аяктап, Кыргызстандын архитектура жана курулуш тармагына салым кошот деп ишенет.