Жаңылыктар
Стамбулда өткөн фестивалда кыргызстандыктар биринчи орунду ээледи
Маданият
Стамбулда өткөн фестивалда кыргызстандыктар биринчи орунду ээледи

15-22-июль аралыгында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн «Түрк тилдүү элдердин маданияты» эл аралык фестивалында Кыргызстандан барган катышуучулар биринчи орунду ээледи. 

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. №93 мектептин окуучулары Айпери Шаршеналиева, Бегимай Жолчубекова, Алихан Жайлобаев, Эллада Мейманбекова жана Тинатин Осмонова фестивалга катышкан. Балдарды фестивалга музыкалык насаатчылары Азиз Батыров менен Ишенаалы кызы Гүлзарида жетектеп барган. Жаш таланттар музыкалык номерлерди улуттук аспаптарда аткарып, улуттук бийлерди көрсөтүштү.