Баткен облусунда селден жабыркаган айылдарда табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери ыкчам колго алынган. Бул максатта аймакка атайын техникалар тартылып, тазалоо жумуштары аяктап калды. Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов аткарылып жаткан жумуштар жана облустагы башка маселелер менен жеринен таанышып жүрөт. Төрага селден келген зыяндын көлөмү эсептелген соң, ырааттуу түрдө бардык жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөөрүн билдирди.