Жаңылыктар
Сузакта 446 үй жабыркаган
Кыргызстан жаңылыктары
Сузакта 446 үй жабыркаган

Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чаңгыр-Таш айылында дамба жарылып, айылдагы турак үйлөр, оорукана, мектеп, бала бакча суу астында калган. 

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов аймакка болгон жумуш сапарынын алкагында табият кырсыгынан жабыркаган объектилерди көрдү. Марипов кыска мөөнөттө дамбанын көлөмүн кеңейтип, аны бекемдөө керектигин, анын ичинде селдин нугун буруу үчүн атайын курулманы куруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгиледи. 

Эске салсак, Сузак районунда селдин кесепетинен 446 үй жабыркап, 118 үй суу алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечимине ылайык, 46 турак үй жашоого жараксыз деп табылып, тазалоо жана келтирилген зыяндарды аныктоо иштери уланууда. Министрлер кабинетинин Төрагасы сел кырсыгынан 6 жашар кызы каза болгон үй-бүлөнүн абалынан кабар алып, көңүл айтты.