Жаңылыктар
2020-жылы 6 айда 2432 жол кырсыгы катталса, быйылкы көрсөткүч 3396га жеткен
Кыргызстан жаңылыктары
2020-жылы 6 айда 2432 жол кырсыгы катталса, быйылкы көрсөткүч 3396га жеткен

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл алты айда жол кырсыктары 40 пайызга чейин көбөйдү. Соңку каргашалуу окуя Ысык-Көл облусунун Балыкчы - Ананьев - Каракол унаа жолунда болуп, эки унаа кагышып беш киши мүрт кетти. Жаракат алгандар да бар. Алдын ала маалымат боюнча айдоочунун бири мас абалда экени айтылууда.

Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
 
Жол кырсыктарын алдын алуу багытында Таласта кыска тасма тартылды. Анда каргашанын бирден-бир себеби уюлдук телефонго алаксуу экени белгиленет. Видеодон үйлөнө турчу жаштар сейилдөөгө чыгып, колукту унаадан белин чыгарып сүрөткө түшүп, аны сүйүктүүсүнө көрсөтүп жатканда жол кырсыгына кабылганын көрүүгө болот. Адистер жол кырсыктарга унааны катуу ылдамдыкта жана мас абалда айдоо, жолдогу белгилерге көңүл бурбоо, ошондой эле уюлдук телефонго алаксуу себепчи болорун айтат. Буга байланыштуу милиция айдоочуларды жолдо этият болуп, жоопкерчиликти сезүүнү эскертти.
 
2020-жылы 6 айда 2432 жол кырсыгы катталса, быйылкы көрсөткүч 3396га жеткен. Жыл башынан бери каргашадан 329 киши каза болуп, 5 миңден ашык адам жаракат алган. Бул сандар былтыркы жылга салыштырмалуу 40 пайызга чейин жогору.
 
Айдоочулардын шалаакылыгынан улам жаш балдар да жабыркап, өмүрү менен кош айтышат. Январдан тарта 801 бала каза болуп, миңге жакыны жаракат алган. Адистер жол кырсыктарын алдын алуунун бирден бир себеби жол эрежесин сактоо экенин эскертет.