Жаңылыктар
Ысык-Көлдө спорт журналисттер арасында мелдеш болуп өттү
Спорт
Ысык-Көлдө спорт журналисттер арасында мелдеш болуп өттү

19-июлдан 22-июлга чейин Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы пансионаттардын биринде Кыргыз Республикасынын спорт журналисттери арасында мелдеш болуп өттү.

Жыл сайын өтүп келе жаткан мелдешке Кыргызстандын ар тарабынан чогулган спорт журналисттер катышып, спорттун волейбол, футбол, тогуз короол жана эстафета түрү боюнча күч сынашты.Катышуучулар «Ала-Тоо», «Барчын- Токио», «Ee Yo Yo», «Факел» жана  «Даканса» аталышындагы 5 командага бөлүнүп, кыл чайнашкан жарыштар жүрдү.Мелдештин жыйынытыгында жеңүүчүлөргө атайын медал жана дипломдор тапшырылды.Жалпы командалык эсеп:

1 – Барчын-Токио;

2 – Факел;

3 – Ee Yo Yo.

Кичи футбол:

1-орун – Ee Yo Yo (Бексултан Усеналиев, Эркин Абдуллаев, Сергей Сячин, Эмилбек Калыбек уулу,Кызжибек Жээбек кызы, Мария Иванова);

2-орун – Ала-Тоо (Канай Алманов, Азамат Асылбашев, Эламан Карымшаков, Майсалбек Кубаналиев, Айгерим Турдалиева, Жазгул Сатаева);

3- орун – Факел (Нурсултан Турусбеков, Абдулла Жусупалиев, Бакыт Табышев, Гулиза Авазова, Метелев Даниил).

Волейбол:

1-орун – Барчын-Токио (Азат Бейшенбеков, Гулмайрам Айдарали кызы;

2-орун – Факел (Нурсултан Турусбеков, Бакыт Табышев, Абдулла Жусупалиев);

3-орун – Ee Yo Yo (Эмилбек Калыбек уулу, Эркин Абдуллаев, Бексултан Усеналиев).

Эстафета:

1-орун – Барчын-Токио (Азат Бейшенбеков, Бактыяр Кыдыралиев, Акылай Тусунова, Темирлан Жумабеков)

2-орун – Факел (Нурсултан Турусбеков, Абдулла Жусупалиев, Гулиза Авазова, Бакыт Табышев, Даниил Метелев).

3-орун – Ала-Тоо (Азамат Асылбашев, Майсалбек Курбаналиев, Айгерим Турдалиева, Эламан Карымшаков).

Тогуз коргоол:

1-орун – Акылай Турсунова;

2-орун – Эркин Абдуллаев;

3-орун – Бактым Турсунбекова.

Кичи футболдун мыктылары:

Мыкты оюнчу – Эркин Абдуллаев;

Мыкты дарбазачы – Азамат Асылбашев;

Мыкты бомбардир – Бакыт Табышев;

Мыкты коргоочу – Мария Иванова.

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте уюштурган мелдеш 6-жыл катары менен өткөрүлүп жатат.