Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине мас абалында унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Бул чара мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн боло турган жол кырсыктарынын алдын алуу, алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп, мас абалында жүргөн айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында зарыл. Мамлекет башчысы мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана Ысык-Көл облусунун аймагында, ошондой эле аталган облуска бараткан же келаткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.