Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштары ар тараптуу жүргүзүлөт. Мындан улам тиешелүү министрлик менен мекемелерге табият кырсыктарынын алдын алып, кесепеттерин жоюу иштерин ыкчамдатуу тапшырмасы коюлду. Антпесе карапайым калк тапкан-ташыганынан заматта айрылып, азап чегүүдө. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу келген селден жаппа чеккен айылдардын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.