Бишкек - Кара-Балта жолунун негизги бөлүгү быйыл октябрь айында ишке берилет. Учурда жалпы 45 чакырымга созулган жолдун 72 пайызы аткарылды. Ал эми кошумча макулдашуу аркылуу башталган бөлүгү кийинки жылы соңуна чыгат. Жол куруу милдетин кытайлык компания алып, азыркы тапта иш план боюнча аткарылууда.