Жаңылыктар
ИИМ: Жол кырсыктарын алдын алуу максатында кескин чараларды көрүү үчүн ыкчам жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Жол кырсыктарын алдын алуу максатында кескин чараларды көрүү үчүн ыкчам жыйын өткөрдү

Өлкө башчысынын тапшырмаларын аткаруу максатында Ички иштер министри Улан Ниязбеков республиканын аймагындагы жолдордогу жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол коопсуздугун сактоо максатында кескин чараларды көрүү үчүн ыкчам жыйын өткөрдү.

Улан Ниязбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигинин жана өздүк курамынын, Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ишмердүүлүгүн кескин сынга алып, жол коопсуздугун сактоодогу кемчиликтери, адам өмүрүнө кайдыгер иши үчүн кызматынан четтетүү гана эмес кылмыш жоопкерчиликке тартыла тургандыгын катуу эскертти. Белгилүү болгондой эми тиешелуу кызматтар үч смен менен иштеп, ар бир айылдын кире бериш, чыга беришинде, ичинде кызматкерлер жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзушөт. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараты толугу менен жолго чыгат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жолдорду түн ичинде жарыктандырууну тезинен колго алуу керектиги айтылды. Бирок ошол эле учурда туристтерге өзгөчө сылык мамиле кылууну, сервистик кызмат көрсөтүүнү күчөтүүнү тапшырды. Бирок алардын арасында мас абалында автоунаа айдагандар бар болсо, анда аларга мыйзам чегинде чара көрүү керектигин эскертти.