Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Бельгия Королуна көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Бельгия Королуна көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Бельгия Королу Филиппке бул өлкөдө адам өмүрүн алган суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты. 

“Бельгиянын айрым аймактарын суу каптап, анын кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып  кетүүсүн каалайм, — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.