Жаңылыктар
Беловодское айылындагы өрттүн келип чыгышы жана материалдык чыгым такталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Беловодское айылындагы өрттүн келип чыгышы жана материалдык чыгым такталууда

Күн мурун, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылынын Фрунзе көчөсүндө өрт чыккан. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бир имаратта жайгашкан темир жана шифер жабылган эки дарыкана, сулуулук салону менен тез тамактануучу жайдын 465 чарчы метр чатыры, буюмдары күйгөн. 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 21:12де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн жабыркагандар жок. Анын келип чыгышы жана материалдык чыгым такталууда.