Жаңылыктар
Элчилик: Массалык чыгаруу болгон эмес
Мекендештер
Элчилик: Массалык  чыгаруу болгон эмес

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутатынын кыргыз жарандары Россиядан массалык түрдө чыгарылып жатат деген билдирүүсүнө байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Россиянын аймагында камактан бошотулган, улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жокторду кошпогондо, биздин жарандарды массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу болгон эмес. Элчиликтин маалыматы боюнча, июлда Россиянын аймагынан Кыргызстандын 18 жараны чыгарылган. Бүгүнкү күндө Москва облусунун Сахарово айылындагы жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо Кыргызстандын 9 жараны кармалып турат. Мунун бешөө 25-июлда, калгандары август айынын башында жөнөтүлүп, дагы бир жаран убактылуу баш калкалоо тууралуу чечим кабыл алынганга чейин кармалат. 12-июлда “Кузьминки” метросунда болгон окуя боюнча аталган өлкөнүн ички иштер башкармалыгы кыргызстандын 65 жаранын убактылуу кармоочу жайга киргизгени кошумчаланды. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө болуп, биздин жарандардын укуктарын коргоо боюнча чаралар көрүлүүдө.