Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңештин 22-24-чакырылышынын төрагасы Зоотбек Кыдыралиев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык  кеңештин 22-24-чакырылышынын төрагасы Зоотбек Кыдыралиев дүйнө салды

УКМКнын байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаардык кеңештин 22-24-чакырылышынын төрагасы Зоотбек Кыдыралиев 71 жашында дүйнө салды. 

Ал 1949-жылы Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жогорку экономика-каржылык билимдин ээси, эмгек жолун Таластагы “Каракол” колхозунан баштаган. Өз айылынын депутаты болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде каржы жана насыя адистерин даярдап, комсомол комитетинин катчысы болгон. Бишкек шаардык каржы башкармалыгын жетектеген. Шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, төрагалык кылган. Кыргызстандын шаарлар Ассоциациясынын төрагасы, Кыдыралиевди Бишкек шаардык кеңеши шаардык каржылык башкармалыгына жетекчи кылып бекиткен. Андан кийин Дүйнөлүк банк, БУУнун өнүктүрүү программасынын эксперттик кызматын аркалаган. УКМКнын байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Зоотбек Кыдыралиев 4 окуу методикалык окуу материалынын илимий макалаларынын автору.

Бишкек шаардык кеңеши менен мэриянын кызматкерлери Зоотбек Кыдыралиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.