Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган Баткен районунун акими жана облустук тиешелүү күч органдарынын жетекчилери жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш алып барууда.

Учурда эки тараптуу ок атышуу токтоп, абал туруктуу. Эске салсак, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр чыккан.