Жаңылыктар
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады
Маданият
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады

Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады.

Бул туурасында фильмдин продюсери Өмүрзак Төлөбеков билдирди. Анын айтымында, кино Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылат.

"Тасманы тартуу иштерин  Чуңкурчактан баштадык. Ал жерге хан ордо орнотконбуз. Андан кийин Ысык-Көлдүн,  Таластын көп жеринде тартылат. Тасма 2 жарым, 3 сааттык болот. Кинотеатрларга  прокатка чыгаргандан кийин өзүнчө телесериал болуп көрсөтүлөт. Азырынча бир  миллион долларлык бюджет менен баштадык. Тасма президент Садыр Жапаровдун  колдоосу менен тартылууда", — деди Төлөбеков.

Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат. Ал эми Семетейдин ролуна кастинг жыйынтыктала элек. Продюсер башкы каармандын чоңойгон кези тартылганга чейин ал тандалып бүтөрүн белгиледи.

Режиссерлор — Дархан Кожохан, Эгемберди Бекболиев, сценарийин жазган жана продюсер — Өмүрзак Төлөбеков, башкы оператор — Айбек Жангазиев, креативдүү продюсер — Нурлан Мамакеев, аткаруучу продюсер — Жолдошбек Жанжигит, койгон сүрөтчү — Садыр Сагынбаев.