Жаңылыктар
Нуристан Сүйөркулов дүйнө чемпиону болду!
Спорт
Нуристан Сүйөркулов дүйнө чемпиону болду!

Кыргызстандык балбан Нуристан Сүйөркулов 51 кг салмакта кадеттер арасында дүйнө чемпиону болду. 

51 кг салмакта күрөшкөн грек-рим күрөшү боюнча балбан чечүүчү беттешке чейин Венгрия, Россия жана Грузия өлкөсүнүн спортчуларын утуп алган. Финалда украиналык балбанга каршы чыгып, аны 3:1 эсебинде жеңип алды.

Ошондой эле, 45 кг салмакта Нурболот Бердикулов коло медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, учурда Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча кадеттер арасында дүйнө чемпионаты өтүп жатат.