Жаңылыктар
Раззак Бейшекеев дүйнө чемпиону болду!
Спорт
Раззак Бейшекеев дүйнө чемпиону болду!

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев 60 кг салмакта дүйнө чемпиону болду.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Казакстан, Германия жана Индия өлкөсүнүн спортчуларын жеңип финалга чыккан. Чечүүчү беттеште ирандык спортчу менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, учурда Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча кадеттер арасында дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Буга чейин, Нуристан Сүйөркулов 51 кг салмакта алтын медал жеңип алган. Ал эми 45 кг салмакта Нурболот Бердикулов коло медалдын ээси болгон.