Жаңылыктар
26-июлдан тарта Бишкектин Калкты тейлөө борборлору соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
26-июлдан тарта Бишкектин Калкты тейлөө борборлору соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт

Ошондой эле 26-июлдан тарта Бишкектин Калкты тейлөө борборлору соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жарандын соттолбогондугу тууралуу кагаз эң зарыл документ. Толтурулган арыз ИИМге жөнөтүлүп, жети күндөн кийин күбөлүктү министрликтин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын Курманжан датка көчөсү, 115 дарегиндеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунан алууга болот. Эгерде тез арада алуу зарыл болсо, анда аны бир же үч күндөн кийин акы төлөп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бишкектин Калкты тейлөө борборлорунда "өзүн-өзү тейлөө" аймагы бар. Анда төмөнкү маалымкатты алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрыла алышат. Башкача айтканда, ИИМдин башкармалыгына барып убаракерчилик тарпайт.