Жаңылыктар
Никелешүү укугу жөнүндө маалымкаттын мөөнөтү 6 айга жарамдуу
Кыргызстан жаңылыктары
Никелешүү укугу жөнүндө маалымкаттын мөөнөтү 6 айга жарамдуу

Кыргызстандын аймагында никеде турбагандыгы тууралуу маалымкатты эми өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда жана аймактык жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүнүн каалаган бөлүмүнөн алууга болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул чечим жарандардын ыңгайлуулугу жана убактысын үнөмдөө максатында кабыл алынды. Никелешүү укугу тууралуу маалымкат Кыргызстандын жарандарына гана берилет. Маалымкатты кадимки тартипте 14 күндө акысыз алууга болот. Ал эми шашылыш тартипте үч жумуш күндө алса болот, бул учурда банк кызматын эске алуу менен төлөмгө 170 сом. Маалымкат кыргызстандык чет өлкөлөрдө никеге турууну пландаштырып жатканда суралат. Ошондой эле кыймылсыз мүлк сатып алуу же сатуу учурунда да кээ бир өлкөлөрдө талап кылынат.

Үй-бүлөлүк макамы жөнүндө маалымкат алуу үчүн жаран ID-паспорт менен кайрылуусу керек. Эгерде өлкөдөн тышкары болсо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишенимдүү адамы кайрылса болот. Белгилей кетсек, никелешүү укугу жөнүндө маалымкаттын мөөнөтү 6 айга жарамдуу.