Учурда Бишкек-Кара-Балта жолунун Киркомстром тилкесинде оңдоо иштери жүрүп жатат. Союз маалында салынган жолдун акыркы жылдары сапаты начарлап, заман талабына жооп бербей калган.
Бул жол буга чейин Бишкек-Кара-Балта жолунун негизги долбооруна камтылган эмес. Учурда кошумча макулдашуу менен жети чакырымдан ашык жолдун курулушу жүрүүдө. Азыр асфальтобетон төшөлмөсүнүн төмөнкү катмарынын 600 метри жаткырылып, иштин 2 пайызы аткарылды. Бул тилкени толугу менен 2022-жылдын октябрь айында бүткөрүү мерчемделген.
Салынып жаткан “Кара-Балта-Бишкек” авто жолунун жалпы узундугу 52 чакырымдан ашат. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырган жолду эл аралык талапка жооп бергидей куруу иштери колго алынган. Бүгүн узундугу 45 чакырым болгон биринчи участогунун иши 72 пайызга аяктады. Долбоордо калктуу конуштардын инфратүзүмүн кошо жакшыртуу да каралган. Тротуар, жарыктандыруу, көпүрө куруу жана башка бир топ жумуштар жасалууда.
Жаңы жол эки эсе кеңейип, 4 жана 6 тилкелүү, ар бир унаанын дөңгөлөк огуна түшкөн салмак көтөрүмдүүлүгү 11 тоннага барабар болот. Долбоорго ылайык, жол 5 катмардан турат. Асфальт төшөө, бетондун сапаты, дээрлик ар бир аткарылган жумуш эл аралык адистер тарабынан текшерилип турат.
Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоого донор болуп, Азия өнүктүрүү банкы каражат бөлүп, тендерден кытай компаниясы утуп алган. Транспорт министрлиги менен кытай тараптын ортосунда түзүлгөн келишимдин наркы 70 миллион доллардан жогору. Келишим боюнча жолду 3 жылдын ичинде бүтүрүү каралган. Бирок пандемияга байланыштуу курулуш иштери кечеңдеген. Быйыл октябрь айына чейин Бишкек-Кара-Балта жолунун 45 чакырымы толугу менен бүткөрүлөт.