Жаңылыктар
Каржы пирамидалары жана биткоин сатуу боюнча шылуундар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Каржы пирамидалары жана биткоин сатуу боюнча шылуундар көбөйдү

Акыркы кезде каржы пирамидалары жана биткоин сатуу боюнча шылуундар көбөйгөнүн шаардык милициядан кабарлашты. Мындан улам тартип сакчылары жарандарды сак болуп, тез байып кетүүнү убадалаган күмөндүү чакырык болгон учурда милицияга кайрылууну сунуштайт.

"Шылуундар адатта социалдык тармактар аркылуу жарандарды, өзгөчө жашы жете электерди белек, бонустар менен өздөрүнө тартат. Бирок жарандар бекер нерсе болбой турганын түшүнүшү керек. Ошондой эле азыр биткоин арзандап кетти. Бул учурда пайда көрүп кал дегендер көп болууда. Мунун баары адамды алдагандык", — дешти милициядан.

Ошондой эле азыр шылуундар пайда көрүүнүн жаңы ыкмасын тапканы айтылат. Алар криптовалюта чогултууга үйрөтөбүз деген шылтоо менен телефонуна атайын тиркемени жүктөп алууну сунушташат. Чындыгында ал программа аркылуу адамдын мобилдик капчыгына кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат.