Жаңылыктар
Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды
Коррупция
Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды

Мурда алынган паранын бир бөлүгүн кайтарып бергенден кийин Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди. 

Комитет Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда алынган 6 миң доллар өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. 

“Кармалгандар Бишкектин ушул тармакты тейлеген вице-мэри менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу аракетинде кафенин ээсинен 9 миң доллар өлчөмүндө пара алышкан”, - деп айтылат маалыматта. 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалгандар Бишкек шаарынын вице-мэринин жогорудагы кылмыштын жасалышына тиешеси бар экендигин моюнга алышкан. 24-июлда пара алууну уюштурганы боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүүдө.