Шаардык бюджеттин эсебинен баш калаада ар бир райондо 4 чакырымдан жол куруу каралаган. Учурда Октябрь районунда пландан 10 күнчө артта калган Исакеев көчөсүндө жумуш аяктаар алдында турат. 2-3 күндөн соң колдонууга берилет. Адистер капиталдык оңдоодон өткөн жолго 3 жыл кепилдик берүүдө.
Быйыл казынадан бөлүнгөн 391 миллион сомго 27 көчө, 16 чакырым аралыкты толук оңдоп-түзөө иштери бекитилген. Учурда 8 көчөдө 4 чакырымдык аралыкта жумуш толук аяктады. Дагы алтоосунда иш ортолоп калган. Жол куруу иштерине жооптуу ишкананын башкы инженери буга чейин катталган кемчиликтерге бул ирет жол берилбейт деп убада кылды.
Кытайдын колдоосу аркылуу Бишкектин көчөлөрү жаңыланууда. Долбоордун 2-фазасынын алкагында 70 чакырымдык 60 көчөнү жана беш көпүрөнү эки жылда куруу каралган. Быйыл 44 көчөдө капиталдык ремонт иштери жүрөт. Айрым жерлерде кемчилик аныкталып, жол курган ишканага кайра жасап чыгуу милдети коюлган.
Бишкек шаарында жаңы асфальт төшөлгөндөн көп өтпөй кайра сыйрып, кесип, оюп алып иш жүргөн учурлар көп кездешет. Жолчулар союз убагынан калган саркынды суу тутуму эскирип, бузулуулар келип чыгып, бүтүн жолду бүлүндүрүүгө туура келээрин билдиришти.