Жаңылыктар
Ош облусунда “Женго” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда “Женго” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунда “Женго” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн айдоочу-жансакчысын кармашты.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Алар 10-июлда бир нече жаран менен денеге залал келтирген ээнбаштык аракеттерге катышкан. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алып, бычак менен коркутканы айтылууда. Жабырлануучунун 1 миң 600 доллары, 48 миң сомун алып кетишкен. Факт жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренесинин негизинде катталып, кармалгандар Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.