Жаңылыктар
“Кыргызалтын Ювелирпром” биргелешкен ишканасы түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргызалтын Ювелирпром” биргелешкен ишканасы түзүлдү

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында “Алтын кыргыз зергерчилик заводу” ишканасынын базасында түзүлгөн “Кыргызалтын Ювелирпром“ жаңы ишканасына барды. 

Мамлекет башчысы өндүрүш жайларын, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыкты. Президентке жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн калыбына келтирүүгө, өндүрүш базасын модернизациялоого, иштеп жаткан заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоого, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын маалымдашты.

Долбоор өлкө ичинде, чет өлкөлөргө дагы ата мекендик өндүрүштүн зер буюмдарын сатуу боюнча дүң жана чекене тармакты жаңылоого багытталган. Казылып алынган баалуу металлдарды өзүбүздөн иштетүү секторун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жигердүү каралып жаткандыгы белгиленди. Бул кайра иштетүүдө кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүнүн, салыктар жана өлкө жарандары үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү менен бюджетти толтуруунун эсебинен улуттук дүң өнүмдүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу маанилүү милдеттерди чечүүгө өбөлгө болот.