Тонолгон Кыргызстан. Улуттук кызыкчылыктарга саткынчылык кылган эгемендүү Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаев, ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышевге Канадалык “Камеко” корпорациясынын пайдасына карата кылмыштуу чечим кабыл алууга буйрук берген. Премьер-министр даярдаган долбоорду ошол кездеги Жогорку Кеңеш колдобой, Чыңгышев кызматтан алынганы айтылат. Кыргызстанда премьер-министрлердин көпкө созулбай кызматтан алынып турганы да “Кумтөр” долбооруна байланыштуу. 1993-жылдан 2003-жылга чейин, 1992-жылдын 4-декабрында жетишилген келишимге ылайык “Кумтөр” долбоорунун ишинен Кыргызстан 15 миллион доллар, Канадалык “Камеко” компаниясы 142 миллион киреше тапкан. Андан ары "Камеко" корпорациясы туума компанияларды бириктирип, "Кумтөр Голд" компаниясын негиздеп, кирешесин улам көбөйтө берген.