Жаңылыктар
ӨКМ: Табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштарын аткарууда
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштарын аткарууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштарын аткарууда. 

2021-жылга карата 37 объектте иш мерчемделип, 6 ай ичинде 27синде жумуш болгон. Натыйжада 11 объект пайдаланууга берилип, 3 миң 409 кожолук, 3 миң 835 метр дамба, 4 миң 416 гектар айыл чарба аянттары корголду. Ал эми алдын алуу багытына 304 объект каралып, жарым жылда өлкө аймагы боюнча 161 объектте иш жүргүзүлгөн. Мунун ичинен 133үндө жумуш бүтүп, 14үндө иштер улантылууда. Натыйжада 4 миң 924 кожолук, 1 миң 855 гектар чарба үлүш жер, 7 мектеп, 3 бала бакча, 3 ФАП, 4 мечит, 1 фабрика, 1 дача, 8 ички чарбалык көпүрө, 1 административдик имарат жана 3 миң 500 метр унаа жолу корголду.

Маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматы таратты.