Жаңылыктар
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы дүйнө чемпионатында 30 өлкөнүн ичинен 4-орунду ээледи
Спорт
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы дүйнө чемпионатында 30 өлкөнүн ичинен 4-орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы кадеттер арасында өткөн дүйнө чемпионатында 30 өлкөнүн ичинен 4-орунду ээледи. Бул тууралуу маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жазылган. 

Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат 23-25-июль күндөрү өткөрүлүп, 10 салмак категориясында медалдар ойнотулган. Кыргызстандын атынан жалпы 10 спортчу аталган дүйнө биринчилигинде күч сынашып, Нуристан Сүйөркулов 51 кг салмакта, Раззак Бейшекеев 60 кг салмак ченинде дүйнө чемпиону болушту. Ал эми 45 кг салмакта күрөшкөн Нурболот Бердикулов коло байге тагынды.

Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 87 упай топтоп, 30 команданын арасынан 4-орунду ээледи.