Жаңылыктар
Салык кызматы билдирет
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы билдирет

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 19 миң 923 ишкердик субъект маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонушат. Мунун ичинде “ККМ онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасында – 18 миң 117, фискалдык маалыматтардын операторлору аркылуу – 1 миң 806 контролдук-кассалык машина катталган.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Ошол эле учурда онлайн функциясы жок 1 миң 850 аппарат издөө жана каттоодон чыгаруу алдында турат. 1-июлдан тартып кассалык машиналарды колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынан кошумчалашкандай эски үлгүдөгү кассалык машиналарды колдонууга болбойт.