Жаңылыктар
Краковецкий коло медаль үчүн ат салышат
Спорт
Краковецкий коло медаль үчүн ат салышат

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алды. Ал 1/16 финалдык кармашында германиялык спортчу Андре Брейтбартты утуп алды. Кийинки беттешинде украиналык Яков Хаммону жеңди.

 Бирок ¼ финалга чыгуу үчүн таймашта өзбек балбаны Абдулло Тангриевге мөөрөйдү тарттырып жиберди.

 Бирок 3-орун үчүн кармаш өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.Краковецкийдин кийинки атаандашы кубалык Алекс Гарсия болмокчу. Бул кармаш бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:30да болот.