Жаңылыктар
Сууну үнөмдүү колдонуп, мол түшүм алуу
Кыргызстан жаңылыктары
Сууну үнөмдүү колдонуп, мол түшүм алуу

Чүй облусунун Ысык-Ата районунундагы дыйкан чарбанын бири кургакчылыкка карабастан сууну үнөмдүү пайдаланып, мол түшүм алуунун жолун тапты. Атайын чачыратып сугаруу технологиясын колдонууга өткөн дыйкандар бир гектардан 50 центрге чейин буудай жыйнаганы турат. Айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте сугат сууну үнөмдүү колдонуп, мол түшүм ала турган бул технологияны жайылтуунун максатында. Мындан улам аймактардан келген дыйкан чарбанын өкүлдөрүнө атайын окуулар уюштурулду.