Жаңылыктар
Быйыл сүттүн баасы былтыркыга салыштырмалуу жогору
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл сүттүн баасы былтыркыга салыштырмалуу жогору

Сүт азыктарына болгон баанын туруксуздугу ортодогу алып сатуучулардын аракетинен улам дайыма өзгөрүп турат. Жайында арзан сатылып кышында кымбаттаган сүттүн баасы быйыл былтыркыга салыштырмалуу жогору. Тармакты иретке келтирүү үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тиешелүү тармактарга бир  топ сунуш киргизди. 
 
Өлкөдө сүттү кайра иштетүү тармагын жандандыруу менен салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүп, элдин социалдык турмушун жакшыртып, экономиканы көтөрүүгө болот. Ал үчүн фермерлерди бириктирип колдоочу насыялар менен жеңилдиктерди көбөйтүү зарыл.
 
Учурда өлкөдө өндүрүлгөн сүт сапаты боюнча жогорку баскычка жетип, 20 га жакын сүт өндүргөн ишканалардын азыктары Казакстандын Россиянын рыногунда кеңири сатылат. Бирок жергиликтүү фермерлер дайыма эле чийки азык менен камсыз кыла албагандыктан ишкерлер көлөмдү камсыздоо үчүн дайыма изденүүнүн үстүндө.
 
Бүгүнкү күндө Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында сүт ички рыноктогу керектөөнү толук жаап экспортко чыгарылса Ош, Жалал-Абад облустарында муктаждык толук жабылбагандыктан рынокто импорттолгон товарлар да бар. Муну керектөөчүлөр калктын саны жана ысык аба ырайы ошондой эле түштүк аймагында сүт өндүрүү ишканаларынын аздыгы менен байланыштырат.