Жаңылыктар
БШК айрым айыл өкмөттөрдү, мэрлерди шайлоого байланыштуу арыздарды карады
Кыргызстан жаңылыктары
БШК айрым айыл өкмөттөрдү, мэрлерди шайлоого байланыштуу арыздарды карады

Боршайком айрым айыл өкмөттөрдү, мэрлерди шайлоого байланыштуу арыздарды карады. Отурумундагы негизги маселелер Жалал-Абаддын Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын арызы, Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо, Сокулук  айылдык кеңешинин депутаттар тобунун жана төрагасынын арызы болду.

БШК азыркы экономикалык-социалдык абалды эске алуу менен кайра шайлоо өткөрө бербестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк орган эртерээк ишине киришип, эл үчүн иштесе деген жакшы ниетте экени белгиленди. Күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча баяндама жасалып, арыздануучулар сөз сүйлөштү. Алардын бири Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлигин койгон Тайкожо Гиезов шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгиледи. Талап боюнча добуш берүү аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышуулары керек болчу. Бирок, бул талап аткарылган эмес. Таш-Дөбө айыл өкмөтүн тандоо 10-июнда өтүп, шайлоого катышкан 31 депутаттын 15ши Гиезовго, 16сы Нурбек Самидиновго добуш берген.