Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында быйыл жети чакырым жол толук оңдолот. Борбордук эки көчөнүн ремонтуна мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатат. Себеби ушул эки көчөдөгү ремонт иштеринин башталышы бир катар кыйынчылык менен коштолуп, акыркы он жылдан бери ишке ашпай жаткан долбоорлордун катарына кирет. Экинчи бир көйгөй ремонт иштерине керектелчү каражаттарга болгон баанын өсүшү жана жол оңдоо иштерин жүргүзүүгө жарыяланган тендерге жеке мекемелердин катышпай жатканы себеп.
Борбордук көчөлөрдү толук оңдоп түзөө долбоорлорун жергиликтүү мэрия 2017, 2018-жылдары эле даярдаган. Андан бери ремонт иштерин жүргүзүп жиберүүгө көчө алдындагы саркынды жана таза суу түтүктөрү себеп болгон. Аларды жаңыламайын ремонт иштерин жүргүзүү бекер каражат короткондук болмок. Быйыл эрте баштайлы десе күндөн күнгө керек болуучу каражаттарга болгон баанын өсүшү, долбоорду кайра азыркы баалар менен иштеп чыгуу себеп болуптур.
Ал эми эки көчөнүн тендерине такыр эле катышуучу компаниялар болбогондуктан мэрияга караштуу жол чарба мекемеси ремонт иштерин өз күчү менен жасап баштады. Себеби башка арга жок. Буга мэрия тарабынан асфальт жаткыруучу техниканы жаңы сатып алуусу да себеп болгон. Бирок мекеменин адистери мындай ири жумуштарды аткарып көрбөгөндүктөн, жаңы техниканы ийге келтире алышпай убара болушту.
Акыры эки күн дегенде башка мекемелердин адистери келип көрсөтүп жумуш ордунан жылды. Дагы бир кемчилик жол чарба мекемесиндеги асфальт таптоочу техниканын жоктугу. Айла жок буларды чоң каражатка ижарага жалдап келишкен.
Июль айы аяктап калды. Демек мэриянын карамагында бир жарым ай гана убакыт калды. Жетишип жолдор жасалып калабы же жылдагыдай көрүнүш болобу. Караколдуктар үчүн бул суроо табышмак болуп турат.